Террористтик уюм видео жарыялап, Батыш өлкөлөрүндө жаңы жардырууларды өткөрөбүз деп жар салды. Тасмада Лондондо (Улуу Британия), Берлинде (Германия) жана Римде (Италия) чабуул жасалышы мүмкүндүгү айтылган.

“Кечээ Парижде, бүгүн Брюсселде болсо, эртең кайсы жерде болушун Аллах билет. Балким Лондондо, же Берлинде, же Римде”, — деп видеодо англисче уюмдун мүчөлөрүнүн бири айтты. Тасмада буга чейинки чабуулдардын кадрлары коюлган.

Reuters жазгандай, роликте Лондондогу Коомдор палатасынын жана Римдеги Колизейдин сүрөттөрү дагы бар.

Мартта Брюсселде (Бельгия) болгон жардыруулардан 31 киши каза тапкан. Ал эми былтыр ноябрда Парижде (Франция) 130 адам набыт болгон. “Ислам мамлекети” жардырууларга жоопкерчиликти өзүнө алган.

Бөлүшүү