Конкурска катышууга 382 киши арыз берип, уюштуруучулар 36 вокалистке гана чакыруу берген. Быйыл Нидерланд, Улуу Британия, Польша, Монголия, Кыргызстан өлкөлөрүнөн келип катышты.

Сүрөт: odnoklassniki.ru
Сүрөт: odnoklassniki.ru

Андан тышкары, Орусиянын Бурятия, Калмыкия, Санкт-Петербург жана Маскөө шаарларынын өнөрпоздору да өз таланттарын тартуулашты. Сынак 2005-жылдан бери эки жылда бир жолу өтүп келет.

«Бул сынак жогорку деңгээлде өттү. Эмгек сиңирген ырчылар, ССРБдин эл артисттери да катышышты. Экинчи турда 13 катышуучу ат салыштык. Нидерланддын ырчысы биринчи орунду, мен экинчи орунду илип кеттик», — деп Saat.kgге Тилек Найманбаев айтып берди.

Айтымында, сынакта мекендешибиз сегиз ыр аткарды. Алардын ичинен Калый Молдобасановдун «Селкиге” атуу ырын ырдап берген.