Жаңы оператордун аталышы жана качан ишке кире турганы азырынча белгисиз. Долбоор боюнча «Кыргызтелеком» жакынкы арада тендер өткөрүүнү көздөп турат.

Ишкананын пландары тууралуу 2015-жылдын жыйынтыктоочу чогулушунда белгилүү болду. Компания тейлөөнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгып, атаандашуу талаасында алдыга чыгууну максат кылды. Түйүн 900/1800/2100 МГц диапазонунда чыгарылат.

«Ыкчам ылдамдыкта боло турган LTE технологиясынын 4G түйүнүнүн рыногун анализдеп, долбоорун тендерге койгонбуз. Ал азыркы убакта заманбап мобилдик технологиялардын катарына киргендиктен, дүйнөнүн көп өлкөлөрү аны колдонуп жатат. Аны менен кошумча кирешелердин булагын арттырып, компаниянын брендин жогорулатып, башка тармактарыбызды да өнүктүрүп алсак болот» – дейт «Кыргызтелекомдун» коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Мадина Мамарасулова.

Бөлүшүү