ИИМдин ички аскерлеринин базасында түзүлгөн Улуттук гвардия Орусиянын президенти Владимир Путинге түз баш ийет. Гвардия терроризмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн түзүлгөнүн Путин жарыялады.

“Чечим кабыл алынды. Улуттук гвардия ИИМ менен биргеликте буга чейин ОМОН, СОБР жана башкалар аткарып келген кызматтарды аткара бермекчи”, — деп орус президентинин айтканын РБК жазды.

Виктор Золотов. Сүрөт: ria.ru
Виктор Золотов. Сүрөт: ria.ru

Маалым болгондой, гвардиянын жетекчиси болуп генерал Виктор Золотов дайындалды. Ал 2014-жылдан бери ички аскерлерди баштап келген. 2013-жылга чейин болсо президенттин коргоо кызматын жетектеген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү