Волонтёрлор оюндардын ачылышына жардам берип, спорт оюндарына көмөктөшөт. Калыстарга жардам берүүдөн тарта, чет өлкөлүк конокторду коштоп жүрүү да алардын мойнунда болот.

Өлкөнүн расмий каттоосунда турган каалаган жаран ыктыярчы боло алат. Каттоо 6-апрелден 20-апрелге чейин уланат. Билдирүү Мамлекеттик жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин сайтына жайгаштырылды.

Ыктыярчы болууну каалагандар анкета толтурушу керек болот. 20сынан 30-апрелге чейин волонтёрлор тандалып, 1-майдан 31ине чейин атайын окутуу жүргүзүлөт.

Бөлүшүү