FIFA 7-апрелде жарыялаган рейтингинде Александр Крестининдин командасы 204-өлкөнүн арасынан 100-орунга чыкты. Эгемен Кыргызстандын тарыхында бул рекорддук көрсөткүч.

Буга чейин эки ай катары менен улуттук курама командабыз 105-орунду ээлеп турган. Учурда Кыргызстандын эсебинде 340 упай бар.

FIFA рейтинги
FIFA рейтинги

Азия континентинин ичинде “ак шумкарлар” 12-орунга чыкты. Бул дагы өзүнчө рекорд болду.

2018-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо раунду жыйынтыкталып бүттү. Орусияда өтчү мелдешке Кыргызстан курамасы өтпөй калганы менен Азия Кубогунун тандоо раундунун группалык этабына жолдомо алды.

Быйыл улуттук команда 8 расмий жана достук матчын өткөрмөкчү. Алардын алтоосу Бишкекте, экөөсү сыртта болот.

Бөлүшүү