Кулатууда таэквондо, самбо, күрөш, панкратион сыяктуу бир катар спорт түрлөрүнүн үлгүсү бар. Ошондой эле, кытай кунг-фусуна да окшоштурса болот. Кулатуу – кыргыз элинин күрөш, жоокердик кармаш өнөрү.

Бул спорттун түрү башка чыгыш оюндары сыяктуу өздүк эрежелерге, ыкмаларга бай. Анда «уруп жыкпай, түртүп жык» деген боорукерлик принцип бар. Сокпой, түртүп, тийип кулатуу керек. Эр таймаш, таймаш жана мушташ версиялары жайылган.

Бул – кол менен салгылашуунун кыргызча түрү жана жекеме-жеке таймаштарынын ичинен тийгизип кулатуу багытына кирет. Анда кол, бут аркылуу атаандаш менен таймаштардагы жумшак жана катуу тийип кулатуулары үйрөтүлөт. Жумшак тийип кулатууда түртүү ыкмалары, катуу тийип кулатууда сокку жасоо жолдору бар.

Эр таймаш. Сүрөт: akipress.org
Кулатуу Эр таймаш. Сүрөт: akipress.org

Кулатуунун 4 түрү бар:

1. Түртүшүү. Бул версияда гумандуулук алдыңкы орунга чыгып, атаандаштар бири-бирин түртүп жыгып, упай алышат. Уруп-согууга тыюу салынган.

2. Таймаш. Таймаш версиясында да уруп-согууга болбойт. Атаандаштар күрөштүн ыкмалары менен жыгууга, муунтуу, оорутуу менен утууга тийиш.

3. Мушташ. Үстүнө кимоно кийишет. Бел боо күрөшү, самбо жана дзюдонун ыкмалары боюнча мушташ өткөрүлөт. Бул кармашып мушташуу спортуна окшоп кетет.

4. Эр таймаш. Кадимки панкратионго окшош версия. Болгону, эр таймашта атаандаш жерде жатканда кол менен гана чабууга болот. Панкратиондон айырмасы, бул версияда тизе, чыканак менен сокку узатууга тыюу салынат.

Бөлүшүү