Жыл башынан бери өлкөдө 38 күнөскана курулуп бүтүп, ишке киргизилди. Алардын аянты 7,9 гектарды түзөт. Жылдын аягына чейин дагы 250 күнөскана курулат деп айыл чарба министрлиги пландаштырып жатат.

2015-жылы өлкөдө 742 ар түрдүү күнөскана курулган. Алардын жалпы аянты 146,2 гектарды түзгөн. 2014-жылга салыштырмалуу күнөсканалардын саны эки эсеге, аянты 4 эсеге өстү.

«Апрелде биз Чүйдө жана Ошто күнөскана бизнесин өнүктүрүү боюнча эки семинар өткөргөнү жатабыз. Мындан тышкары, министрлик «Билим» окутуу-билим берүү борбору менен биргеликте 30 фермерди окутуп, сертификат ыйгарды», — деп пресс-жыйында айыл чарба министрлигинин өсүмдүк өстүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Аскарбек Сагынбаев айтып берди.