Окуу жылы бүтөөрүнө эки айдай убакыт калды. Экзамендерди ийгиликтүү тапшырып алуу менен катар бүтүрүүчүлөр кечебизди каякта, кантип өткөрөбүз деп талкуулап жаткан чагы.

Кычыраган «Гелендвагендерден» кортеж. Эң мыкты ресторандар. Кымбат тамада, популярдуу ырчылар. Бул жөн гана окуучулардын бүтүрүү кечеси.

Акыркы коңгуроо, андан кийин бүтүрүү кечеси бир жолу болчу, эсте калчу майрам. Дал ушул күндү унутулгус кылып өткөрүү ар бир окуучунун кыялы.

Бул жылы бүтүрүүчүлөрдө кандай пландар бар?

Борбордогу №29 гимназиянын бүтүрүүчүлөрү Аяна Касымова, Евгений Акопяндын кызы окуган мектепте жөнөкөй кече өтпөйт деп пландаштырып жатышат. Кадимки жайларда кечени өткөргүсү келбеген окуучулар «Жаннат» эс алуу жайында белгилейбиз деген ойлору бар.

«15 миңдин тегерегинде чогултабыз. Ата-энелерибиз спирт ичимдиктерине уруксат берди, бирок машинага көнгөн жок», — дейт атын атагысы келбеген бүтүрүүчүлөрдүн бири.

Кечеге «Нон-Стоп» дуэти чакырып коюшканын айтып, Мирбек Атабековду чакыруу пландары бар экенин кошумчалады.

№69 гимназия мектебинин бүтүрүүчүлөрү дагы өзгөчө кылып өткөрөбүз дешет.

Чоң үй алып, кафе-ресторанга барбай эле үйдүн ичинде тособуз деген Мирлан кечени чыдамсыздык менен күтүп атканын айтып өттү.

Кымбат машиналар менен көчө айлангысы келип атса да, бул балдар өзүнүн унаалары менен чыгат. Себеби жол күзөтчүлөрү дароо кармайт деп кооптонушууда.

«Негизи ата-энелерибиз 5-6 миңден чогултабыз деп атышат. Биз 8 миңден чогултсак жакшы болот эле деген оюбуз бар», — дейт 11-класстын окуучулары.

Бишкектеги башка мектептердин окуучулары да өзгөчө шаң менен акыркы коңгуроо кагышат. №2 мектептин бүтүрүүчүлөрү кечени «Ала-Тоо» ресторанында берип, кортеж жөнүндө ойлонуп жаткандыгын айтып өтүштү. «Мүмкүнчүлүккө жараша болот, бирок ата-энелерибиз биз үчүн акча аябайт», — деп бөлүштү ушул эле мектептин окуучусу.