Кыргызстан Азербайжан менен бирге Түрк кеңешинде мүчө. Баку менен Бишкек ар тараптуу кызматаштыкты өнүктүрүп келет. Ошол эле маалда Кыргызстан Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЖККУ) алкагында Армениянын алдында милдеттенмелерди алган. Азербайжан-Армения жаңжалында Кыргызстан кимге колдоо көрсөтөт?
Тоолуу Карабакта согуш оту тутанганына 6 күн болду. Маалыматтарга таянсак, 40ка чукул адам каза болуп, 200дөн ашуун жаракат алды. Бул арада эки тарап тең бири-бири айыптап келет.
Учурда Тоолуу Карабахта кырдаал курч бойдон калууда. Эки тарап тең сүйлөшүүгө даяр экенин билгизгени менен ок атышуулар токтогон жок. Дүйнөлүк маалымат каражаттарында жана коомчулукта бул чырды ар түрдүү сыпатташууда.
Ал арада кээ бир түрк тилдүү өлкөлөр Азербайжанга жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин жарыялашууда. Түркмөнстан Азербайжан тарапта Арменияга каршы согушууга даяр экендигин билдирсе, Түркия ар дайым Азербайжанды колдоп, мамлекет башчылары телефон аркылуу кырдаалды талкулашууда. Ал эми Кыргызстан жана Казакстан эки тарапты бир пикирге келүүгө, окуяны тынчтык жолу менен чечүүгө чакырышууда.
Армениянын бирден бир ынанымдуу өнөктөшү — Орусия жана ЖККУга мүчө өлкөлөр. Казакстандын жана Кыргызстандын интернет баракчаларында жарандардын боордош Азербайжанды колдогон чакрыктары таралууда. Буга удаа эле Армения менен коопсуздук жана аскердик жактан бир уюмга мүчө экенибизди, биз Армения тарапта экенибизиди унутпоо керек экендигин эске салган пикирлер бар.
Коомдук ишмер, мурда коопсуздук боюнча вице-премьер министр Токон Мамытов жарандардын ойлоруна кошулбайт:
«Кыргызстан бир да тарап болбош керек. Себеби, биз Армения менен коопсуздук бир уюмдабыз дегенибиз менен, окуя болуп жаткан аймактын Арменияга такыр тиешеси жок. Ал Азербайжан территориясына караштуу этникалык армяндардан турган автономдуу республика менен Азербайжан куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы атышуу болууда. Ошондуктан тынчтык жолу менен чечилиши керек», — дейт ал.
Мурда да көп жылга созулган согушта акыры Кыргызстандын «легендарлуу» парламенти чоң роль ойноп, натыйжада Бишкекте тынчтык келишимине жетишкен эле. Анда Тоолуу Карабах өз алдынча автономия болуу менен Азербайжандын аймагында калган. Мамытовдун пикиринде, азыр да тараптар ошону кайталап тынчтыкка чакырып, дипломатиялык жол менен чечиши керек.
«Азербайжан менен да бир нече уюмга мүчөбүз, тууган элбиз. Бирок тууганбыз, аларга жардам бериш керек деп аша чаап кеткендик да туура эмес. Эч кандай улутка, урууга, расага бөлүүгө болбойт, эч кандай кан төгүлбөш керек. Ошондуктан Кыргызстан тынчтыкка чакырган тарапта болуш керек. Кагылышып жаткан эки тарап тең тарыхтагы кектерин унутуп, алдыга карай тынчтык жол менен кетиши керек», — деген ойдо аскерий серепчи.
Кыргызстан Армения менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунда жана Евразия экономикалык биримдигинде болсо, Азербайжан менен түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинде жана маданий жактан кызматташкан түрк тилдүү элдердин бирикмесинде бирге мүчө.
Конфликт 1988-жылы көпчүлүгүн армяндар түзгөн Тоолуу Карабак автономиясы Азербайжан ССРинен чыгып, Арменияга кошулуу каалоосун билдиргенде башталган. 1994-жылы башка өлкөлөрдүн киришүүсү менен жаңжал токтоп, тынчтык келишими түзүлгөн. Алты жылга созулган согушта 30 миңдей киши өлгөн. Бирок ага карабастан бир нече жолу майда-барат келишим бузуулар орун алган. Акыркы жолу 2-апрелдин таңында бузулуп, ок атышуу башталып, токтобой келет.
Тоолуу Карабак Азербайжан аймагында жайгашкан армяндардын этникалык региону болуп саналат. Бул жерде этникалык армяндар Армения Республикасына кошуулуну кааласа, Азербайжан өз жеринен ажырагысы келбейт.