Президент Алмазбек Атамбаевге быйыл электр энергиясын импорттоо жана баасын 20%га жогорулатуу пландалып жатканын айтып беришти. Өлкө башчысы жарыктын кымбатташына каршылыгын билдирди.

“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын” жетекчиси Айбек Калиев менен отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамагенттиктин башчысы Таалайбек Нурбашев президент менен жолугуп, электр кубатынын тарифин 1-апрелден тарта көтөрүү пландалганын баяндашты.

Мамлекет башчысынын аппараты билдиргендей, Атамбаев бул маселеге кылдат мамиле кылып, терең изилдеп чыгыш керектигин белгиледи.

“Дүйнөлүк экономикалык кризис болуп жатканда электр энергиясынын баасын көтөрүү болбойт”, — деди аларга президент.

Бөлүшүү