Кыргыз дыйкандары бул системаны көбүнчө бактарда жана жер-жемиш, кант кызылчасы, жүгөрү, кебез талааларында, ошондой эле күнөсканаларда коюшат. Былтыр өлкө боюнча 676,5 гектар жерде орнотулган.
Айыл чарба министрлигинин айтымында, тамчылатып сугарууга фермерлердин кызыгуусу жыл сайын артып баратат. 2015-жылы 221 фермер бул системага өткөн. 2014-жылга салыштырмалуу чарба субъекттеринин саны 10 эсеге, ал эми аянты боюнча 4 эсеге өстү.
“Быйыл ар бир райондо системаны көрсөтүп бере турган аянтчалар түзүлүп, ал жерде семинарлар өткөрүлүп турат”, — деп пресс-жыйында министрликтин өсүмдүк өстүрүү бөлүмүнүн башчысы Аскарбек Сагынбаев айтып берди.