Белек кылып жаткан мусулмандар кеңешинин айтымында, бул транспорт абдан үнөмдүү. Ага тетиктердин жана бензин куюунун кереги жок. Экинчиден, ал экологияга зыян келтирбейт. Ошондой эле, эшектер өз алдынча көбөйө берет.

Алматы шаарынын (Казакстан) полисмендери Казакстандын мусулмандар биримдигине кайрылып, көчөлөрдү натыйжалуу кайтарууга унаалар жетишпей жаткандыгын айтышты. Маселен, Бостандык районунда болгону 5 полиция машинеси бар экенин билдиришкен.

Буга байланыштуу биримдиктин жетекчилиги ИИМ министри Калмуханбет Касымовду шашылыш түрдө чара көрүүгө чакырды.

“Шаар башкармасы полицияга жаңы унаалар берилди деп улам айтып турат. Алар кайда жок болуп кетип жатат?”, — деп министрге жөнөткөн катында айтылган.

Мусулмандар уюму эгерде Алматынын жетекчилиги менен ИИМ бул маселени чече албаса, полицияга 20 ыкчам эшек белек кылууга даяр экенин билдирди деп Nur.kz порталы жазып чыкты.