Өкмөт башчысын Балыкчы-Корумду жана Бишкек-аэропорт унаа жолдорун куруу үчүн тендер өткөрүүдө көптөгөн мыйзам бузууларга жол берген деп айыпташууда. Депутаттык комиссия бюджетке зыян келтирилгенин айтып, коррупциянын бар-жоктугун аныктоо үчүн УКМКка баардык материалдарды өткөрүп берүүнү сунуштады.

Комиссиянын отурумунда Кубанычбек Жумалиев (Бир Бол) тендер өткөрүүдө транспорт жана коммуникациялар министрлиги, премьер-министр жана жалпы өкмөт тарабынан көптөгөн бузуулар болгонун айтты.

“Тендерлердин жыйынтыгында бюджетке чоң зыян келтирилди. Коррупциялык схемалар орун алган. УКМКга текшерүү жүргүзүүнү, ал эми парламентке Темир Сариевге ишенбестик көрсөтүп, жумуштан алышын сунуштайбыз”, — деди Жумалиев.

Депутаттар маселени кийинки жумада Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгууну чечишти.

Өкмөт башчысын кетирүү талаптары мекеме аралык комиссиянын корутундусу жарыялангандан кийин айтыла баштады. Ал Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолун оңдоп жаткан уюмду жана тендердин жүргүзүлүшүн текшерип чыккан.

Транспорт министрлигинин жетекчилиги өз милдеттерин так аткарган жок деп айтылып, комиссия өкмөткө чиновниктердин жоопкерчилигин карап чыгууну сунуштаган.

Ал арада министрликтин башчысы Аргынбек Малабаев анын орун басары Улан Уезбаев менен премьердин жакын адамдары LongHai кытай компаниясынын кызыкчылыгын түрткөн деп айыптап чыккан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү