Ракетанын биринчи тепкичи өз убагында бөлүнүп, океандагы платформага отурду. Falcon 9 эл аралык космос бекетине Dragon аталыштагы жүк ташуучу кемесин жөнөттү.
Onboard view of landing in high winds pic.twitter.com/FedRzjYYyQ
— SpaceX (@SpaceX) 9 апреля 2016 г.
SpaceX компаниясы ракетасын Флорида штатындагы (АКШ) Канаверал мысында жайгашкан космодромдон бүгүн түнкү саат 02:43тө бшк учурду. 2015-жылдын декабрында компания ракетанын биринчи тепкичин космодромго кондура алган. Бирок суу бетиндеги баржага отургузуу аракеттери оңунан чыкпай келген деп жазат РИА Новости.
Ракетанын биринчи тепкичи өз убагында бөлүнүп, старттан үч мүнөт өткөндөн кийин платформага тик конду. SpaceXтин кызматкерлери аны “АКШ!” деген кыйкырыктар менен тосуп алышты.
SpaceX жеке компаниясы НАСА менен келишим түзүп, Dragon кемесин эл аралык космос бекетине жөнөтүп турат. Компания ракетанын биринчи тепкичин сактап калуу технологиясынын үстүндө иш алып барууда. Жетекчиси Элон Маск аны оңдоп турса, 100 жолу колдонсо болот деп билдирди.