Айгүлдү коргоп калуу үчүн 40 гектар тегиздикке питомник уюштурулуп, гүлдөр тоолорго эгилди. Учурда жалпы аянты 254 гектар болсо, эми 300 гектарга чейин кеңейтилет.

Айгүл өскөн аянтты чоңойтуу максатында 2014-жылдан баштап президенттин буйругуна жараша ботаникалык бак уюштурула баштаган.

Сүрөт: Айгүл коругу
«Айгүл» коругу. Сүрөт: saat.kg

«Бактын 10 гектары 2015-жылы эгилип, 10 гектарга быйыл отургузулганы турат. Былтыр түтүктөр келбегендиктен чакалар менен суу ташып куюп, эгилген көчөттүн 80% көктөп калды», — дейт Баткен аймагынын чөйрөнү коргоо токой чарбасы  башкармасынын башчысы Саид Сейитгазиев.

Бактын айланасына отургучтар коюлуп, эс алганга ыңгайланыштырылды. «Айгул» коругун Кара-Булактын балансынан айылдык кеңештин чечими менен токой чарбасына өткөрүлүп берилсе деген үмүтүн билдирди ал.

Сүрөт: Айгүл коругу
«Айгүл» коругу. Сүрөт: saat.kg

Корукту кеңейтүүгө мамлекет тарабынан 2014-жылдан бери 6 миллион сомго жакын акча бөлүнүп, дагы 4-5 миллион каралып жатат.

Айгүл гүлүнүн илимий аталышы – Эдуарддын чаар гүлү. Ал Баткенден тышкары Иран, Ирак, Гималайда (Кашмир, Жамму), Түркиянын түштүк-чыгы­шын­да, Ооганстанда гана өсөт.

Жылдын жай мезгилинде алынган уругун апрель айында эгишет. Жерге түшкөн урук чыккандан кийин үч жылдан соң гүл ача баштайт.

Ар жыл сайын бирден баш гүл кошуп турат. Ошентип, гүлгө канча жыл болгонун анын гүлүнүн санынан эле билип алууга болот.

Бөлүшүү