Жумушчу кесиптердин арасынан тигүүчүлөрге суроо-талап баарынан чоң. Ал эми кызматкерлердин арасында – мугалимдер.

Мэрия билдиргендей, тигүүчүлөр 876 вакансия менен биринчи орунда турат. Айдоочуларга 238 бош орун сунушталууда. Ашпозчуларга 216 орун бар, сатуучуларга – 137, наабайчыларга – 103.

Кызматкерлердин арасында окутуучуларга 139 орун сунушталса, кассирлерге 126 вакансия каралган. Дарыгерлерге – 108. Дагы 83 кишиге кыймылсыз мүлк агентинин жумушу сунушталып, дарыгерлерден тышкары 72 медайым изделет.