Быйыл Кыргызстанга келе турган туристтердин санын 20%га көтөрүү көздөлүп жатат. Туризм департаменти сентябрда өтчү «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына» карата да чет элдик коноктор көбөйөт деп үмүттөнүүдө.

Департамент учурда Кыргызстанды таанытуу максатында Орусиянын Маскөө, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларындагы иш сапарда жүргөн убагы. Орусиялык туроператорлордун Кыргызстанга кызыгып жатышканын департаменттин директору Азамат Жаманкулов билдирет.

«Барган шаарларыбызда Кыргызстандын туристтик потенциалы жөнүндө презентация жасап айтып берип жатабыз. Орусиялыктар тарабынан кызыгуу пайда болуп, алар Кыргызстанга келүүнүн шарттары, маршруттар жана коопсуздук жөнүндө суроолорун узатып жатышат», — дейт ал.

Жаманкулов шарттарды жакшыртуу максатында туристтердин коопсуздугу үчүн ички иштер министрлиги жана салматтыкты сактоо министрлиги менен иштешип жатканын кошумчалады. Ысык-Көл аймагындагы пансионаттар менен да чогулуш өткөрүүнү дагы пландалууда.

«Туристтердин саны канча пайызга көбөйөөрү азыр белгисиз. Бирок, белгилүү себептерден улам Түркия менен Египетке болгон орусиялык туристтердин агымы буулуп, алардын кайсы бир бөлүгү бизге келет деген үмүттөр бар. Сентябрь айында боло турган «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына» карата да чет элдик коноктордун санынын арта турганын белгилей кетүү керек», – деп жыйынтыктады ал.