Дүйнөдөгү эң кубаттуу деп эсептелген 126 өлкөнүн арасынан Кыргызстандын куралдуу күчтөрү 110-катарда тургандыгын Global Fire Power порталы жарыялап чыккан. Өлкөбүздүн армиясынын саны жана курал түрлөрү боюнча так маалымат айтылбаганы менен түрдүү булактардан жалпы көрүнүштү түзүүгө болот.
Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн болжолдуу саны — 15 миң адам. Көбүнесе контрактык негиздеги аскерлер түзөт.
Кургактыктагы аскерлери Түндүк жана Түштүк-батыштагы аймактык командачылыгы болуп экиге бөлүнөт.
Түштүк-Батыш аймактык командачылыгынын карамагында Биринчи мотоатышуу бригадасы (Ош ш.), 24-бригадалык «Илбирс» спецназы жана өзүнчө батальондор бар.
Түндүк аймактык башкармалыгына 8-мотоатышуу дивизиясы (Токмок ш.), экинчи мотоатышуу бригадасы (Кой-таш) жана Илбирсге окшогон 25-бригадалык «Скорпион» спецназы (Токмок), ошондой эле өзунчө батальондор кирет. Үчүнчү зениттик-артилериялык бригада да кошулат.
Кыргызстандын өзгөчө ички саясатына жараша атайын дайындоочу күчтөргө абдан көңүл бурулат. Коргоо министирлигинин карамагында айтылып өтүлгөн «Илбирс» жана «Скорпиондон» тышкары Улуттук Гвардия, «Пантера» жана «ШЕР» спецназын кошсок болот.
Булардын милдети кылмыштуулук жана терроризмге каршы операцияларды жүргүзүү болуп саналат. Өзүнүн атайын бөлүктөрү мамлекеттик президентти коргоо кызматында да («Арстан» отряды) бар.
Баңги заттарды жүгүртүүгө каршы «КЫРГЫЙ» спецназы жана чек ара кызматы деп саналган «Бөрү» жана «Арстан» кирет. Бул отряддар өзбек жана тажик чек арасында турган чек арачыларды колдоп, наркотрафикке каршы иш-чараларды жүргүзүп турушат.
Кыргыз армиясында 215ге жакын T-72 танктары, 30дан 42ге чейин БРДМ-2, 400гө жакын БПМ жана БМД (274кө жакын БПМ-1, 113БПМ-2), 300дөн ашык БТР (200 МТЛБ, 122ге жакын БТР-70, 15 БТР-80). Бул бронтехниканын жарымы улуттук гвардия (ИИМ ИК) жана мамлекеттик чек ара аскерлерине тийиштүү.
Артилеррия өзүнө 30 САУ (12 2С9, 18 2С1), 141 буксирлөөчү курал-жарактарды, 304 миномет ( 250 БМ-37, 6 2С12, 48 М-120), 21 РСЗО БМ-21 камтыйт. 62 ПТРК (26 «Малютка», 12 «Конкурс», 24 «Фагот») и 18 ПТО МТ-12.
Чек ара жана ички аскерлерлерде 4 ЗРК «Стрела-10», 400гө чейин ПЗРК «Стрела-2/-3», 24 ЗСУ «Шилка», 24 зениттик курал-жарактар ЗУ-23-2 и С-60 бар.
Кыргызстандын аскердик аба күчтөрүндө негизинен транспорттук авиация бар. 100гө жакын МиГ-21 истребителдери бар болгону менен, азыркы кезде алардын баары керектен чыккан. Курал-жарак колдоно алчу жалгыз учактар болуп 4 окуу l-39 (жеңил штурмовик катары колдонулат) эсептелинет. Ошондой эле, 2 Ту-154 жана 2 Боинг-737 жүргүнчү ташуучу самолет бар. Алар өлкөбүздүн башкаруучуларына таандык. Онго жакын Ми-24 тик учагы жана жана 9 аскердик вертолёт бар.
Өлкөбүздөгү жалгыз жөнөкөй жана реактивдүү торпеда чыгарган завод «Дастан» аскер-өнөр жай комплекси болуп эсептелинет. Кыргызстандын өзүнө бул завод деңиз аскердик күчтөрү жок болгондуктан кереги деле жок.
Көпчүлүк чыгарган продукциялары Индияга экспортолот.
Өлкөбүздүн аймагында Орусияга караштуу Кантта жайгашкан 999чу авиабаза бар. Бул орто эсеп менен 10 аскердик тик учак жана 15 вертолет.