Темир Сариев 2015-жылдын 1-майынан баштап премьер-министри болуп иштөөдө. Дээрлик бир жылда өкмөт башчысынын тушунда ишке киргизилген 10 ири ишкананы сунуштайбыз. Кийинки материалда Сариевдин чуу чыгарган 10 демилгесин тартууламакчыбыз.

Ак-Суу районундагы крахмалды иштетүүчү завод

Сүрөт: gov.kg
Сүрөт: gov.kg

11-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылындагы крахмалды кайра иштетүү заводу ишке кирди. Ишкана Түштүк Кореянын инвесторлорунун каржылоосу менен курулган. Завод 40-50 адамды жумуш менен камсыз кылат.

Сокулук районундагы логистикалык борбор

Сүрөт: gov.kg
Сүрөт: gov.kg

 

Кыргызстанда алгачкы ири жашылча-жемиштерди сактоочу “Агропродукт Азия” логистикалык борбору өз ишин аткара баштады. Заманбап шарттарга жооп берген, европалык стандарттын жана голландиялык үлгүнүн негизинде курулган борбор 2700 чарчы метр аянтка жайгашкан. Борбордо үч миң тоннага чейин жашылча-жемишти сактоо мүмкүнчүлүк бар.

Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы мал союучу комбинат

Сүрөт: saat.kg
Сүрөт: saat.kg

Дүйнөлүк стандартка жооп берген цех төрт ай аралыгында курулду. Долбоордун жалпы суммасы 1 млн АКШ долларына барабар. Аталган комбинат күнүнө 50 бодо мал жана 100 ашык майда малдарды союп жетишет. Мал соючу комбинаттан сырткары жаратылыш газын алууга жана жер семирткичтерди чыгарууга да бардык шарттар түзүлгөн.

«Бозымчак» жез кени

Сүрөт: forbes.kz
Сүрөт: forbes.kz

Комбинат сентябрда толук кубаттуулукта ишке берилди. Андан жылына мамлекеттин казынасына 400 млн сом которулат, ошол эле учурда миңден ашуун жумушчу орун пайда болот.

«Талды-Булак Солжээк» алтын кени

Сүрөт: gov.kg
Сүрөт: gov.kg

Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан «Талды-Булак Солжээк» алтын кени 1- декабрда ишке берилди. Алтын казууга салынган инвестициялардын жалпы суммасы 184 млн долларды түзөт. Компаниянын 60%на үлүшүнө кытай тарап, ал эми 40%на “Кыргызалтын» ААК ээлик кылат.

Базар-Коргон районундагы “Cotton Textile Factory” пахта заводу

 

Сүрөт: gov.kg
Сүрөт: gov.kg

Завод премьер-министр Темир Сариевдин ар бир райондо 10дон ишкана ачуу боюнча тапшырмасынын негизинде ачылган. Жүзгө жакын адам штеген завод жылына 20 миң тонна пахта өндүрөт. Жаңы ишканалардын бири катары Базар-Коргон районундагы «Cotton Textile Factory» пахта заводунда ачылган май цехин атоого да болот. Пахтанын чигитинен май чыгарып, анын калдыгынан кир самын жасап, дыйкандарга берип жатышат.

Мунай кайра иштетүүчү “SV Rink LTD”заводу

Сүрөт: kchr.org
Сүрөт: kchr.org

Таш-Көмүр шаарында жылына 800 тонна мазут, мунай продукцияларынын калдыктарын кайра иштетүүчү “SV Rink LTD” жоопкерчилиги чектелген коому 2015-жылдын 1-сентябрында ишке киргизилди. Ишканада 70 жумушчу орун түзүлдү. Завод жылына 8 миң тонна мазут, 4 миң тонна бензин, 20 миң тонна дизелдик күйүүчү май өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар.

Жалал-Абад шаарында Кыргыз-Иран биргелешкен кондитердик цехи

Сүрөт: turmush.kg
Сүрөт: turmush.kg

Ишкана үчүн ирандык инвесторлор 20 млн сомдук каражат жумшашкан. Германиядан технологияларды алып келип орнотушкан. Бир нөөмөттө 8 тонна кондитердик азыктарды иштеп чыгарат. Жумушчулардын саны 200 адамга чейин көбөйөт. Жылына 115 млн сомдук продукция өндүрүп чыгарат.

“Смай-Гыда” бут кийим заводу

Сүрөт: turmush.kg
Сүрөт: turmush.kg

Базар-Коргон районунда жаңы ачылган ишканалардын бири – “Смай-Гыда” ЖЧК заводу болуп саналат. Бул завод жеңил бут кийим чыгарып, ишканада 30 адам иш менен камсыз болгон.

Асфальт чыгаруучу завод

Сүрөт: turmush.kg
Сүрөт: turmush.kg

Аксы районундагы Жерге-Тал айыл аймагына “JICA” программасынын алкагында күнүнө 30 тонна асфальт чыгаруучу завод ишке киргизилип, 17 жаңы жумушчу орун түзүлгөн.
Завод жапон грантынынын эсебинен бекер курулду. 2015-жылдын август айында пайдаланууга берилди. Завод Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорун асфальт менен камсыз кылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү