Быйыл «Көчмөндөр оюндары» башталганга чейин Балыкчы–Корумду трассасы жана Бишкектен “Манас” аэропортуна кеткен жолду оңдоп чыгуу керек болчу. 104 чакырымга созулган Балыкчы – Корумду жолун калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 7 миллиардга жакын сом бөлүнгөн. Тендер жарыяланып, ага кыргыз, кытай жана түрк компаниялары катышкан. Сынактан кытайлык “Лонг-Хай” компаниясы утуп алган.

Чырга айланган тендер

Адегенде эле сынактан жеңип чыккан кытайлык ишкананын Кыргызстандагы өкүлү Азамат Жунушалиев транспорт министри Аргынбек Малабаевдин айылдашы экенин таап чыгышкан. Муну “Балыкчы–Тамчы–Корумду» жолун оңдоо иштерин текшерген депутатттык комиссия аныктады. Министр бир айылдан экенин моюнга алып, бирок буга чейин тааныш болбогонун айтты.

Ошондой эле, алардын маалыматына таянсак, тендер өткөрүлүп жаткан учурда кытайлык ишкана юстиция органынан каттоодон өткөн эмес. Сынактан жеңгенден кийин гана атайын органдардан каттоодон өтүп, декабрда жол курууга 3-даражадагы лицензия алган. Жолду курууга экиден кем эмес даражадагы лицензия керектелет. 3-даражадагы лицензия жолдун тешиктерин жамап-жасоого гана бериле турганын “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев белгилеген.

Күнөөнү бири-бирине оодаруу

Транспорт министри Аргынбек Малабаев тендер өткөрүлүп жаткан учурда чет мамлекетте жүргөнүн айтып, ал эреже бузуулар менен өткөрүлгөнүн моюнга алган.

Мындай мыйзам бузуулардан кийин премьер-министр президентке транспорт министри Аргынбек Малабаевди кызматтан бошотуу сунушун жөнөткөн. Мындай чечимге министрдин Балыкчы–Корумду жана аэропорт жолунун курулушунда кетирген кемчиликтери себеп болгонун белгилеген.

Бирок президенттин аппараты премьер-министрдин сунушу мыйзамдык күчкө ээ болбогондуктан четке каккан.

Премьер-министрдин кетишин талап кылган депутаттык комиссия

Андан кийин депутаттык комиссия өкмөттөн эч кимди чакырбастан ишемби күнү жыйын өткөргөн. Жыйында Темир Сариевдин отставкасын талап кылыша турганын билдиришкен.

Ошол эле учурда Аргынбек Малабаев орун басары Улан Уезбаев менен Темир Сариев тендерде уткан кытайлык “Лонг Хай” компаниясына жан тартканын ачык айткан.

Ал эми өкмөт башчы жеке кызыкчылыгы болбогонун айтып, транспорт министринин сөзүн четке каккан. Аталган долбоорду ишке ашыруудагы мыйзам бузуулар коомчулукка белгилүү болгондо Малабаев күнөөнү башка бирөөлөргө оодарып жатканын кошумчалаган.

Дем алыш күнү депутаттык комиссиянын шашылыш чогулуп, өкмөттөн эч кимди чакырбай, транспорт министринин көрсөтмөсүнө таянганы айрым комиссиянын мүчөлөрүнүн жеке кызыкчылыктарына байланыштуу экенинен кабар берерин белгилеген.

Кимдин кызыкчылыгы?

“Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев өкмөт башчысы кызматынан кетсе да, кетпесе да тендердин мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссия өз ишин аягына чыгара турганын айткан.

“Манас” аэропортуна кеткен жолду оңдоо тендеринде “Кыргызстан” партиясынын компаниясынын мүчөсүнө таандык болгон компания утулуп калган. Айрымдардын айтымында, Канат Исаев партиянын кызыкчылыгын коргоп жатат. Бирок Канат Исаев эч кандай партиянын кызыкчылыгын корголбогонун айтып чыккан.

Саясий талаш премьер-министр жыйын өткөрүп, өз каалоосу менен кызматынан кеткенине алып келди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү