Анын ордуна Жогорку Раданын төрагасы Владимир Гройсмандын келиши күтүлүүдө. Жергиликтүү “Эспресо ТВ” телеканалына чыккан эфиринде ал “Бүгүн күндөн баштап жасай турган ишим өкмөт башчысынын ыйгарым укуктарынан да кененирээк деп көрүп жатам” деп айтты.
Эфирде Арсений Яценюк аны кызматтан алуу сунушу парламентке 12-апрелде киргизиле турганын билдирди. Ал, ошондой эле, жумушун таштоого Украинадагы саясий кризис түрткү болгонун кошумчалады.
РБК жазгандай, өзүнүн Twitter аккаунтунда Яценюк саясий кризисти жасалма деп атады.
“Бир адамды алмаштыруу аракети саясатчыларды сокур кылып койду. Министрлер кабинетин өзгөртүү процесси ордунда туруп алып эле чуркаганга тете болуп калды”, — деди ал.
Яценюк өлкөнүн туруктуулугун сактоо үчүн колунан келген аракетин көргөнүн кошумчалады. “Петр Порошенконун блогу өкмөт башчылыгына Владимир Гройсманды көрсөтүүдө. Бул шартта өз ыйгарым укуктарымдан баш тартам”, — деп жыйынтады өкмөт башчысы.