Былтыр Кыргызстанда 128 млрд сомго соода жүргүзүлдү. Ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 50,3 пайызын кызмат көрсөткөн тармактар камсыздап берди.

Кечээ Темир Сариевдин кетиши менен таратылган өкмөт өткөн жылдын негизги социалдык-экономикалык өсүшү боюнча маалымат жарыялады. Чекене сооданын көлөмү 5,6%га, кызмат көрсөтүү 3,6%га өстү. Мындай динамикага калктын маянасы 2,5%га көбөйгөнү таасир тийгизгени айтылууда.

2015-жылы маалымат жана байланыш кызматтарын көрсөтүү 32,2 млрд сомду түзүп, 2014-жылга салыштырмалуу 5,2%га өстү.

Мейманкана жана тойканалардын кызмат көрсөтүү көлөмү 20,4 млрд сомго жетип, 8,9%га көбөйгөн.

Туризм тармагындагы ИДӨнү түзгөн кошумча нарктын жалпы көлөмү 18 млрд 779,3 млн сомду түздү. Туристтик кызматтарды экспорттоо 410,1 млн долларга барабар.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү