“Реал Мадриддин” биринчи матчтагы жеңилишин күйөрмандары конокто ойногонуна шылтап коюшкан. Эми бүгүн дагы утула турган болсо, шылтоонун издөөнүн кереги жок болот – Зидандын шакирттери Чемпиондор лигасынан биротоло чыгып кетет.

Бирок “Сантьяго Бернабеуда” “Падышалык клуб” жеңишке гана умтулат. Букмекерлер дагы “Реалдын” жеңишинен күмөн санабайт. Деген менен, “Вольфсбург” ага аутсайдердей мамиле кылуу жакшылыкка алып келбей турганын өткөн оюнда 2:0гө жеңип көрсөттү.

Чейрек финалдык биринчи оюнда англиялык “МанСити” франциялык Лига 1дин учурдагы чемпиону “ПСЖ” менен беттеште тең чыккан – 2:2. Букмекерлер француздарды фаворит атаганы менен “Манчестердин” башкы машыктыруучусу Мануэль Пеллигрини экинчи оюнда тең эсепке ыраазы болбой турганын билдирген.

Эки оюн тең 13-апрелге караган түнү Бишкек убакыты боюнча саат 12:45те башталат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү