2016-жылдын январь-мартында ички дүң өнүмү 79 млрд сомду түздү. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул 4,9%га азыраак. Өнөр жай өндүрүшүндөгү жана транспорт тармагындагы көлөмдүн төмөндөөсү баарынан чоң таасир тийгизди.

“Кумтөр” ишканаларын эсепке албаганда, ИДӨ 73 млрд сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 1%га өстү. Өсүштү курулуш жана тейлөө тармактары камсыз кылып бергенин басма сөз жыйынында статиска комитетинин төрайымы Люксине Текеева айтып берди.

Үч айда өнөр жай продукциясынын көлөмү 39 млрд сомду түзүп, 2015-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 25,7%га азайды. Өнөр жай өндүрүшү баалуу металлдарды өндүрүү 47,4%га азайганы менен түшүндүрүлөт.

Ошол эле убакта өндүрүштө, кен казууда, мунай продукттарын чыгарууда өсүш бар экени белгиленүүдө. ИДӨнүн 22,3 млрд сомун айыл чарбасы камсыздады.

2015-жылдын соңунда кечээ кызматынан кеткен Темир Сариев быйыл экономика 5,2%га өсөт деп болжолдогон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү