КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун айтымында, Сооронбай Жээнбеков жаңы өкмөт башчысы болуп шайланса, анын бир тууганы Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетет.

“Биз, көпчүлүк коалициясындагы фракциялардын лидерлери, президентке кирип чыктык. Ал премьер-министрди шайлоону созбоону суранды. Андан кийин биз чогулуп, маселени талкууладык. Фракциялардын лидерлери талапкерликти сиз көрсөтүңүз деп мага кайрылышты. Саат экиде чогулуп, талкуулайбыз”, — деди Турсунбеков.

“Ата Мекен” фракциясынын лидеринин орун басары Сайдулла Нышанов КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтөөрү болоор иш деп белгиледи. Көпчүлүк коалициясы аны колдоп бермекчи.

Азыркы учурда Сооронбай Жээнбеков — президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү