№8, 10 жана 11 троллейбустарга Wi-Fi роутерлер орнотулуп берилди. Жүргүнчүлөр бир гана дүйнөлүк желеге кошулбастан, тиркеме аркылуу троллейбустар кайсы жакта келе жатканын көрө алышат.

Көп функциялуу уюлдук тиркемени TEZ компаниясы коомдук унааларга мониторинг жүргүзүү үчүн иштеп чыккан. Анын башкы максаты — кызыктырган унаа азыр кайда экенин онлайн түрүндө билүү.

Айта кетчү нерсе, башка коомдук унааларга Wi-Fi роутерлер коюлбайт. Бул демилгени TEZ өзүнүн колдонучуларын көбөйтүү максатында жүргүзгөн.