1-апрелден 10уна чейин патрулдук милиция башкармалыгы 39 кылмыштын бетин ачты. Ошондой эле, жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган 637 айдоочу кармалды.

Кылмыштардын көпчүлүгү уур-токмокко алуу факттары болду – 29. Андан тышкары, транспортко мыйзамсыз ээ болуп алуу, бейбаштык, уурулук, бирөөнүн мүлкүн жок кылуу сыяктуу кылмыштар дагы бар.

Жол эрежелерин бузуулардан туура эмес жерде токтоткондорго эң көп протокол түзүлдү – 153. Айнегин караңгылаткан (12), мас абалында айдаган (21) учурлар дагы катталып, айып аянтчасына 189 унаа киргизилди.

1-апрелден тарта жол кайгуул кызматы жоюлуп, анын ордуна патрулдук милиция башкармалыгы иштей баштады. Жаңы органдын кандай өзгөчөлүктөрү бар экенин видеодон көрүүгө болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү