Каржы булагынын жоктугуна байланыштуу Балыкчы-Тамчы-Чолпон Ата –Корумду жолун реконструкциялоо иштери токтотулду. Оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан «Long Hai» компаниясы расмий түрдө эгер каржылоо жок болсо, 8-апрелден тарта иш жүрбөйт деп кайрылуу жасаган.
Транспорт министирлигинен Saat.kgге айтып беришкендей, азыркы убакта баардык реконструкциялоо иштери толук токтоду. Бул кадамдан кийин бөдрөтчү айып пул салышы мүмкүн.
Кыргызстандын кредитордук карызы куруучу материал менен жабдуучуларга жана ижарачыларга болжолдуу түрдө 160 млн сомду түзөт. Буга чейин куруу иштери 230 млн сомду чапчыган.
Өкмөт Балыкчы-Корумду жолун реконструкциялоону бүтүрүү сентябрь айына болжолдогон.