Балчылар быйыл Кытайда гана 800дөй соода жайын ачууну көздөп жатат. Жеке компанияларга ондогон өлкөлөрдөн сунуштар түшүүдө.
Маселен, «Дары Тянь-Шаня» компаниясына 20дан ашуун мамлекеттен суроо-талап болуп жатканын «Бал челекчилер союзу» коомдук бирикмеси билдирет.
«Жакында Кыргызстандан делегация болуп барып, Үрүмчү шаарында бал азыктары сатыла турган соода үйүн ачып келдик. Башка шаарларына да 800дөй соода жайын ачуу пландалып жатат. Ал жерде жүрүп капыстан бир дүкөнгө кирип калсак да, кыргыз балы сатылып жаткан экен. Негизи эле Кытай биздин балга абдан кызыкдар болуп жатат» — дейт ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов.
Кыргызстанда жылына 10-12 миң тонна бал өндүрүлүп, анын 500 тоннасы чет өлкөлөргө экспорттолот.