Жообун БУУ баш катчысы кийинчирээк берээрин айткан.

Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмундагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева Пан Ги Мун менен жолугуп, ага ишенимдүү грамоталарды тапшырды. Учурдан пайдаланып, Молдоисаева баш катчыны быйыл Ысык-Көлдө өтчү оюндарга чакырды.

Тышкы иштер министрлигине Saat.kgге кабарлашкандай, Пан Ги Мун жообун кийинчирээк берээрин убадалаган.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын БУУ менен болгон мындан аркы кызматташуусу талкууланды.

Сүрөт: ТИМ
Сүрөт: ТИМ

Туруктуу өкүл Пан Ги Мунга Кыргызстанда жүрүп жаткан сот жана укук коргоо органдарындагы реформалары жөнүндө, 2017-жылы таза жана тунук өтчү президенттик шайлоонун системасы тууралуу маалымат берди.

Пан Ги Мун өз кезегинде Молдоисаевага ийгилик каалоо менен бирге натыйжалуу кызматташууга чакырып өттү.

«Кыргызстан — чөлкөмдөгү өзгөчө, ажайып жаратылышы кооз жана адамдары боорукер өлкө. Демократияга умтулган алгачкы жана жалгыз парламенттик мамлекет болуп келет», — деди ал.

Бөлүшүү