15-17-апрелде болчу дзюдо боюнча Азия чемпионатында Олимпиадага жолдомо алууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кыргызстандан 4 дзюдоист катышат. Улуттук команда Юрий Краковецкийге чоң үмүт артууда.

Чемпионатка баш-аягы 31 өлкө катталган. Кызыгуунун чоң болушу Рио де Жанейродогу (Бразилия) Олимпиадага катышууга бул мелдеш акыркы мүмкүнчүлүк болгону менен түшүндүрүлөт.

Биринчи орунду алуу үчүн 400 упай, экинчи орун үчүн 240 упай, ал эми үчүнчү орун үчүн 160 упай топтоо керек.

«Кыргызстандан 4 спортчу барат деп болжолдоп атабыз, дагы эки спортчуга каражат табылбай жатат. Юрий Краковецкийден үмүтүбүз чоң, лицензия алат деген ойдобуз», — деп спорт жана дене тарбия боюнча мамагенттигинин пресс-катчысы Кабыл Макешов бүгүн Saat.kgге билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстан 9 лицензияга ээ болуп, дагы 4 жолдомо алууну болжолдоп аткан. Анын экөөсүн дал ушул дзюдодон болсо, экөө сууда сүзүүдөн болчу.