Операция башпрокурордун тапшырмасы менен өткөн. Тинтүү мезгилинде эч кандай каршылашкан тарап болгон жок. 

Панаманын полициясы жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү тобу бүгүн “офшор чуусу” менен дүйнөгө аты чыккан чыккан Mossack Fonseca компаниясынын кеңсесин текшерип чыкты.

Башкы прокурордун билдирүүсүндө, компаниянын акчаны адалдаштырган, терроризмди каржылаган мыйзамсыз иш-аракети менен байланыштуу документтерине издөө салган. Mossacce Fonseca менен иштеген башка компаниялар да текшерилет.

Сүрөт: Hürriyet Полициялар текшерүү учурунда
Сүрөт: Hürriyet. Полициялар текшерүү учурунда

Mossack Fonseca компаниясы кардарларына акчаны адалдаштырууга, санкциялардан жана салыктардан качууга жардам берген деп көрсөтүлгөн 11 миллиондон ашуун документтер апрель айынын башында дүйнөлүк ЖМКларга тарап кеткен. Анда азыркы өлкө башчылар, мурунку президенттер, чиновниктер, бизнесмендердин аты аталган.

Башкы прокурор 5-апрелде панамалык документтерде айтылган мыйзамсыз офшордук компания түзүү боюнча иликтөө баштаарын маалымдаган.

Mossacce Fonseca мыйзамсыз иш кылган жана документтер тышка кибер чабуул менен өтүп  кеткен. Ошондой эле, документтерди тактап чыгууда башка өлкөлөр менен биргеликте иштешүүгө даярдыгын жана бул боюнча комиссия түзүлөрүн Панаманын президенти Хуан Карлос Варела белгилеген.

Дүйнөнүн 28 өлкөсүнөн келген салык инспекторлору Панама документтерин талкуулоо үчүн  бүгүн Парижде жолугушат. Алар офшор документтерин карап чыгышып, салык төлөөдөдөн качкандар менен күрөшүүнүн эл аралык стратегиясын аныкташат.

Ал эми Mossack Fonseca компаниясынын түзүүчүсү компания эч кандай мыйзамга каршы иш-аракеттерге тиешеси жок экенин айткан. Ошондой эле материалдардын жарыяланышын кылмыш деп атаган деп Hürriyet жазды.