«Казак-кыргыз бир тууган» фильминин бет ачары 28-апрелге белгиленди. Үн жаздыруу иштерин аяктап жаткан тасманын режиссёру Нурлан Абдыкадыров жайында жол кырсыгынан каза болуп калган Мукамбет Токтобаевдин үнүн ким коштой алат деп убайым болуп жаткан эле. Бирок татыктуу актёр табылып, үнүн жогорку деңгээлде жаздырып берди.

казак кыргыз 4

«Нуркан Турсунбаев — таланттуу актёр жана ал Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы. Дөө-шаалардын акыркысы болгон Мукамбет Токтобаевдин үнүн коштой турган актёрду таппай калдым го деп үмүтүмдү үзүп койгом. Бирок ал 100 пайыз коштоп берди. Менин үч жылым жомоктогудай өттү», — деп режиссёр Facebook баракчасына жазды.

Абдыкадыров «татаал образ болгондуктан, башка актёрлордун жаздырылган үн коштоолорунун баары жарабай калып жатты. Кыйынчылыктар жаралды» деп кошумчалай кетти.

Фильмди тартуу иштери 2013-жылдын август айында башталган. Тартуу процесси узакка созулуп, үч жылдан соң чоң экранга чыкканы турат. Фильмдин аты айтып тургандай тасмага кыргыз жана казак актёрлору тартылган. Алдыда режиссёр тасмасы менен эл аралык фестивалдарга катышууну пландап жатат.

 

Ал эми кыргыз эл артисти, театр жана киноактёру Мукамбет Токтобаев 2015-жылдын 30-июлунда жол кырсыгынан көз жумган эле. «Казак-кыргыз бир тууган» анын кинодогу акыркы ролдорунун бири болуп калды.