Пальмерстон аты бар мышык Башкы чычкан туткуч кызматын ээлеп, Кинг Чарльз стритте жайгашкан министрликтин имаратында жашайт. Анын башкы милдети – чычкандарды жок кылып туруу.

Мекеме өзү түшүндүргөндөй, Пальмерстон бюджетке оор келбейт. Анткени аны кызматкерлер өздөрү бакмай болушту деп BBC’ге таянып Tengrinews жазды.

Жумушка киргенге чейин эки жашар мышык Лондондун көчөлөрүндө жашап жүргөн. Ачкадан арык болгону айтылат. Мурунку ээлерин табайын дешсе, микрочип орнотулган эмес экен.

Тышкы иштер министрлигине аны жаныбарларга кам көргөн уюм алып келип берген. Активисттер Пальмерстон өзүнө ишенген мышык деп түшүндүрүшкөн.

Кызыгы, бул мышыктын Улуу Британиянын өкмөтүндө кесиптештери бар. Маселен, Лэрри 2011-жылдан бери Даунинг стритте жашайт. Премьер-министр Дэвид Кэмерон ал мышык өз жумушун мыкты аткарып жатканын айтып келет. Ал эле эмес, мышыктын Twitter’де өзүнүн расмий аккаунту бар жана жаңылыктарда улам чыгып турат.

Бөлүшүү