Буга чейин эвакуациялоо иштерин жеке менчик ишкана жүргүзүп, элдин нааразычылыгын жаратып ишин токтоткон. Патрулдук милиция башкармалыгы тендер өткөрүү менен тандоо ачыкка чыгат деп эсептейт.
«Эвакуация жүргүзүүгө тендер жарыяланат же мамлекеттик мекеме аркылуу ишке кирет. Андан сырткары, учурда нормативдик актылар жана эвакуациялоонун механизми иштелип жатат. Биринчи кезекте коомго түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол белгилери кайсы жерге коюу керектигин изилдейбиз», — деп Saat.kgге башкармалыктын расмий өкүлү Тилек Оторов билдирди.
Анын айтымында, коомдук жайларга, соода борборлоруна өзгөчө көңүл бурулат. Туура эмес токтотулган унааларга акчалай айып пул салынат. Баасы канча болоору азырынча так аныктала элек.