Кечээги оюндар менен чейрек финалдык этап толугу менен жыйынтыкталды. Ошентип, жарым финалга испаниялык “Атлетико” менен “Реал”, англиялык “Манчестер Сити” жана бундеслиганын фаворити “Бавария” өттү.
“Атлетико” менен “Барсанын” оюну согуш майданын элестеткендей болду. “Матрасчылар” үйүндө ойногону менен ишенген кожосу Торрес дисквалификациясы бар үчүн чыкпай калды. Антуан Грьезманн дубли менен клубун жарым финалга алып чыкты. Каталондуктар бир дагы гол менен жооп кайтара алган жок.
Конокто ойногон “Бавария” жеңишке жетээрине аз эле калган. Оюн бүтөөрүнө 15 мүнөт калганда “Бенфиканын” чабуулчусу Талиска айып соккусунан көз жоосун алган гол киргизип, эсепти 2:2 кылып теңей алды. Эки матчтын суммасы менен немистер жарым финалга жолдомо утуп алышты.
Жарым финалга ошентип 4 команда өттү:
«Манчестер Сити» (Англия)
«Реал» (Мадрид, Испания)
«Бавария» (Мюнхен, Германия)
«Атлетико» (Мадрид, Испания)
Командалардын “түгөйлөрү” эртең, 15-апрелде чүчү кулак аркылуу аныкталат. Бишкек убакыты боюнча 15:30да өткөрүлөт.