Орус бийлиги тарабынан дайындалган Крымдын прокурору Наталья Поклонская Крым Татар Улуттук Парламентинин ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.
ТАСС агенттиги тараткан маалыматта мурдагы берген арызы менен Крым татарларынын улуттук межилиси жабылат. Ал эми Поклонская сот аяктаганга чейин парламенттин ишин токтотуу чечимин кабыл алганын жарыялады.
Чечимди «Орусиянын мыйзам бузууларын алдын алуу үчүн» кабыл алынды деп атады. «Межлистин укуктары токтотулат, мамлекеттик жана жергиликтүү маалымат каражаттарын колдонуу, чогулуш өткөрүү жана өздөрүнүн ишмердүүлүгүн пропагандалоого тыюу салынат» деп билдирген.
Баш прокурор Наталья Поклонская 15-февралда Кырым Татар улуттук межилисин жабуу үчүн Крымдын жогорку сотуна арыз берген.
Анын өтүнүчү менен Орусия Федерациясынын мыйзамдарынын негизинде экстремизмге жол бербөө үчүн Крым Татар Улуттук межилисинин ишмердүүлүгүн жана межилистин башка уюмдар менен иштешүүсүн токтотууну талап кылган.
Межилис 1991-жылы крым татар элдеринин атынан түзүлгөн. 2014-жылга чейин өз ишмердүүлүгүн эркин жүргүзүп келген. Крым Орусияга кошулгандан кийин Украинанын парламенти межилисти расмий түрдө тааныган. Бирок Орусия Крым татарлардын парламентине кысым жасап, ишмердүүлүктөрүнө тоскоолдуктарды көрсөтө баштаган. Себеби Крымды Орусияга кошулушуна каршы болгон жана элдик референдумга байкот жарыялашкан.
2015-жылдын декабрь айында Крым прокурору Наталья Поклонская массалык тополоң уюштурду деген жалаа менен териштирүү иштерин баштаган. Крым татар улуттук межилиси Түркия тарабынан колдоого алынып келет.