Хакас тарыхчысынын мааракесине карата Бишкекте конференция өтүүдө. Куттуктоо сөздөрүн президент Алмазбек Атамбаев дагы жолдоду.

Куттуктоодо Виктор Бутанаевге кыргыз жана хакас элдеринин биримдигин, бир эл экендигин изилдөөдө салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирүү менен албан ийгиликтерди каалады.

Куттук сөздөрү коңшу Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия өлкөлөрүнөн жана ар кайсы жогорку окуу жайлардан айтылды.

Окумуштуу Бутанаевдин эмгектери тарых, этнография, археология илимине кошкон салымы кыргыз жана түрк тилдүү элдер үчүн опол тоодой. Тарыхчы кыргыз эли менен хакас элинин бир экендигин тарыхый фактылар  менен далилдеп чыккан. Ошондой эле дүйнөнүн чар тарабында жашаган кыргыздардын тилин, маданиятын, этнографиясын изилдеп келет.