Флешмоб дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында болот. Азырынча кайсы күү чертилээри белгисиз.
“Биз миңдей комузчу чогултабыз деп турабыз. Бирок, алардын потенциалы канчалык экенин азыр билбейбиз. Балким, андан дагы көбүрөөк болоттур”, — деп Knews‘ка оюндардын маданий иш-чаралар боюнча координатору Дарика Асылбашева айтып берди.
Иш-чараны Гиннес рекорддор китебине киргизүү үчүн атайын комиссияны чакырууну көздөп жатышканын уюштуруучулар белгилешти.