Орусиянын президенти уюмдагы өлкөлөрдүн экономикалары теңелгенде гана өз акча бирдигин  киргизүү керектигин белгиледи.

“Бул – кызыктуу тема. Мүмкүн, кайсы бир күнү киргизилеттир. Бирок Евробиримдиктин каталарын кайталабашыбыз керек. Алар евровалютаны киргизип алганы менен өлкөлөрдүн деңгээли катуу айырмаланып турган”, — деп Владимир Путин түз байланышта айтты.

Орусия башчысы Грецияны мисал кылып келтирди. “Жалпы казынадан жардам берип турушат. Бирок бул экономиканын өсүшүнө алып келбейт”, — деди ал.

Путин бирдиктүү валюта ЕАЭБге кирген баардык өлкөлөрдүн макулдугу менен гана киргизилиши керек деп кошумчалады.

Өткөн жумада мурунку биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев Аалы Карашев шашылыш түрдө ЕАЭБ ичинде бирдиктүү валюта киргизүүнү сунуштаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү