Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов Атамбаев кол койгон жарлыгын окуду. Жээнбеков натыйжалуу иш алып барууга бардык күч-аракетин жумшаарын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сөзүн ишеним көрсөткөндөргө терең ыраазычылык айткандан баштады. Андан соң ал биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевди жана өкмөт аппаратынын жетекчиси — министр Акылбек Осмоналиевди кызмат орду менен тааныштырды.