2-5-апрель күндөрү Тоолуу Карабакта Армения менен Азербайжан аскерлеринин кагылышуусу орун алган. Анда жоготуулары Армениялык тараптыкы билдиргенден да көн санда болгону ачыкка чыкты.

APA Азербейжан маалымат агентиги Армения басылмаларын жана социалдык сайттарын изилдеп чыккан. Армян басылмалары жоголгондор менен жарадар болгондордун саны өсүп жаткандыгын бир нече жолу көрсөткөн.

Армения тарап буга чейин 100гө жакын жоготуу бар экенин билдирип келген. Бирок чынында 322 өлүм, 500дөн ашуун жарадар жана 50дөн ашуун жоголгондор такталды.

Армян бийлиги согушта аскерлердин жана орган кызматкерлеринин санын азайып кеткендигин элге жарыялоодон чочулап, алардын чоң бир бөлүгү жоголгон деп жарыялады. Дайынсыз жоголгондордун бир бөлүгүн элге жарыялабастан, жашыруун жерге көмүшкөн. Калган каза болгон адамдар жарандык согушта жана 5-апрелдеги тынчтык келишиминин кийинки майда кагылышуулардан өлгөн.

Бул көрсөткүчтөр Армян басма сөз беттерине жарыяланган. Бирок бийлик тараптан маалыматтар өчүрүлүп, аларды таратууга тыюу салынды.

Кээ бир маалыматтарда согуш учурунда айрым армян аскерлери Иранга качып кетишкен. Алар да жоголгондордун катарына киргизилген.

Жоголгондордун тизмесинде табылган кээ бир кишилер жашыруун көмүлдү. Калгандары өлүк каналарда сакталып, үйлөрүнө берилип жатат. Бул тууралуу бйлик коомчулукка билдирген деп жазып чыкты karabakh.today маалымат агенттиги.

Бөлүшүү