Президент энергетика министри Сухейл Мохамед Фарадж Аль Мазруи баш болгон Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы менен жолукту. Жумуш менен чектелбестен, Алмазбек Атамбаев БАЭ өкүлдөрүн оюндардын салтанаттуу ачылышына чакыра кетти.

Эмираттардан делегациянын келишин өлкө башчысы жемиштүү кызматташтыктын башаты болуп берет деген ишенимин айтты. Өз кезегинде БАЭ энергетика министри делегация Кыргызстанга жакшы даярданып келгенин билдирди.

“Делегация 29 кишиден турат. Өлкөбүздөгү эң ири компаниялардын өкүлдөрү болсун деп аракет кылдык”, — деди ал.

Аль-Мазруинин айтымында, алардын сапарынын башкы максаты – соода-экономикалык кызматташтык жандандыруу.

“Бириккен Араб Эмирлигине иш сапарыӊыздын маалында сиз көӊүл бурган эки тараптуу өнөктөштүктүн чөйрөлөрү биз үчүн маанилүү. Бул айыл чарба жана мал чарбачылыгы, андан тышкары инфраструктура чөйрөсү болуп саналат”, – деп белгиледи министр.

Бөлүшүү