Быйыл январь-февралда 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тышкы сооданын көлөмү 613 млн долларды түздү. Мында, импорт экспорттон эки эсе көп болду.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, эки ай ичинде кыргыз өндүрүүчүлөрү сыртка 203 млн долларга товар чыгарса (-18,1%), ошол эле убакта импорт $410 млн түздү (-30,1%).

Ошентип, соода балансынын сальдосу терс көрсөткүчтө болуп, 207 млн долларга жетти. Былтыркы жылдын январь-февралына салыштырмалуу ал 38,9%га азайды.