Дүйнөлүк компаниянын түзүүчүсү Жон Чи (John Chee) Кремний өрөөнүндөгү жашоосу, жумушу жана анын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берет. Аны менен кошо Кыргызстанга Rykersoft’тун башкы директору Леонард Ан дагы келип кетет.

Леонард Кыргызстанда иштегендер америкалык кардарлар менен узак мөөнөттүү байланыштарды кантип түзүп алса болоорун айтып берет. Андан тышкары, ал IT тармагында тажрыйбасы жок туруп ийгиликтүү компаниянын кантип түзгөнү жөнүндө ой бөлүшөт.

Форматка ылайык, спикерлер 30-40 мүнөттөн сөз сүйлөп, андан кийин суроолорго жооп беришет. Жолугушуу 30-апрелде 11:00дө Борбор Азиядагы Америкалык Университеттин кампусунда өтөт. Баардык каалоочулар катышса болот.