Өзгөчө балмуздак кымыз, сүзмө, каймак, сары май, сүмөлөк, талкан, быштак жана башка таза экологиялык азыктар менен жасалат. 1 килограммы орточо 500 сом турат.
Балмуздакка боёк сыяктуу химикаттар кошулбайт. Аны иштеп чыккандардын айтымында, балмуздак адамдын саламаттыгын витаминдер менен толуктайт. Сапаттуу жана даамдуу болгондуктан, кардарлардын талабы күн сайын артууда.
«Учурда белгилүү кафе-ресторандарда жана башка жерлерде сатылат. Көчөлөргө да сатуучу дүкөндөрдү ачып жатабыз», — дейт ишкананын менеджери Нурбек Үкүбаев.
Өндүрүүчүлөр чакан ишкананы кеңейтүүнү көздөшүүдө. Жайында граммдап шаардын көчөлөрүндө сатылат.