16-апрелде  Италияда » WDSF International Open taken place in Olbia-2016 » деген аталыштагы спорт жана бал бийинин турнири өттү.

Чоңдордун латын бийи категориясынан Кыргызстандан барган Семеренко Артем жана Качалко Валерия жеңишке жетип, күмүш медалга ээ болушту.

Турнир жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул жолу Италияда болуп, 20 өлкөдөн 103 жуп катышты. Италия, Болгария, Англия, Франция, Норвегия жана Орусия сыяктуу өлкөлөр ат салышканын Кыргызстандын бий спортунун федерациясынан билдиришти.

Бийчилер

Бөлүшүү