Йоттошкон жана кыргыз тилинде колдонулбаган тамгалар жоюлса, латын арибине өтсөк кандай өзгөрүүлөр, кыйынчылыктар болот? Бул боюнча мамлекеттик тил комиссиясынын котормо, жарнама, терминология бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдоканов өз ою менен бөлүштү.

Президент кыргыз алфавитин реформалоо боюнча тапшырма берди

Мамлекет башчы жазууга, адабиятка тиешеси бар адам болгондуктан, бул маселени түшүнөт. Советтер союзу учурундагы саясатта тил маанилүү куралдардын бири болгон. Ачык эле орусташтыруу саясаты жүргөн. Башында араб, латын андан кийин 1939-1940-жылдарда кирилл алфавитине өткөрүү боюнча иштер болгон. СССРдин курамындагы көпчүлүк республика кирилл арибине өткөн. Кыргыз тили түрк тилдерине киргендиктен, грамматикалык табияты, башка бардык касиеттери орус тилине таптакыр окшобойт. Көрүнүктүү тилчилер репрессиянын курмандыгы болушкан. Мына кыргыз адабий тилдерин негиздеп, эрежелерин киргизген Касым Тыныстанов дагы атууга кеткен.

Орустун 8 тамгасын жоюп салуу талаш жараткан жок

Йоттошкон я, ю, ё, е деген төрт тамга бар. Алар мисалы “й” менен “а” кошулганда, бир тамга менен “я” болуп жазылат. Эки тамганын ордуна бир тамга жазган жеңил көрүнгөнү менен биздин тилибиздин өзгөчөлүгүн бузат. Ошондуктан орустардын йоттошкон төрт тамгасын алып салуу жөнүндө сөз болуп жатат. Мындай тамгалар менен жазылган сөздөрдүн айынан уңгу мүчөгө ажыратууда, кыргыз тилин үйрөнүүдө айрым мүчүлүштүктөр болуп жатат. Андан тышкары, ичкертүү (ь), ажыратуу(ъ) белгилери кыргыз тилинде таптакыр эле жок. Ошондой эле “ц”, “щ” тамгалары менен жазылган сөз да жок. Орустардын деле бирин-серин сөздөрүндө бар. Бул маселе илимдер академиясында каралды. Ошол 8 тамганы алып салуу тууралуу анчалык деле чоң талаш болгон жок. Айрымдар финансылык кыйынчылыктар боло турганын айтты. Эгерде кыргыз тили реформаланып, 8 тамга жоюлса, анда буга чейинки жазуулар, китептер, бардыгы ошол бойдон калат. Бала бакчада, мектептерде, жогорку окуу жайларда окутуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Орус тилинде сүйлөп жатканда ар бир улуттун акцентти байкалып турганы жакшы

Балтика боюндагы өлкөлөрдүн эли же кавказдыктар орусча сүйлөгөндө дароо билинип турат. Бул жакшы көрүнүш. Өздөрүнүн улуттук акцентти байкалып туруш керек.

Латын арибине өтүүнүн зарылчылыгы

Түрк тилдүү мамлекеттер латын арибине өтүп жатат. Жакында Казакстан дагы өтүшү мүмкүн. Эгерде кошуна малекеттер өтсө, анда биз дагы өтүшүбүз керек. Дүйнөдөгү эң көп колдонгон англис, немис тилинин ариби латын тамгалары менен жазылат. Кирилл алфавити менен славян өлкөлөрүндө гана жазышат. Биз үчүн албетте дүйнөнүн көпчүлүгү колдонгон латын тамгасы ыңгайлуу болот. Ошол эле учурда финансылык кыйынчылык болот деп айтылып келет. Мындан тышкары бул маселенин саясий жагы дагы бар. Орусия менен ынтымагыбыз жакын болуп тургандан кийин мамилебизди бузуп алуу коркунучу бар.

Бөлүшүү