Президент Атамбаев Түркиянын соода биржалары жана палаталары бирлигинин төрагасы Мустафа Рифат Хисаржыклыоглу менен жолукту. Анда эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланды.

Сүйлөшүүдө тараптар түркиялык компаниялардын Кыргызстандагы ишмердигине жана инвестициялар үчүн шарттарды жакшыртуу үчүн аткарылып жаткан иштерге да көңүл бурушту. Бул тууралуу КР президентинин аппараты билдирди.

Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине кириши жана Евробиримдик тарабынан артыкчылык (ВСП+) макамынын берилиши менен өлкө экономикасынын өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганын эске алуу менен эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды активдештирүүнүн мааниси белгиленди.